“Биз кыргыз тарыхында биринчи болуп, элдик демилге менен конституцияны өзгөртүүгө кол топтоо укугун расмий алып, Юстиция министрлигинен каттоодон өттүк”, – деп билдирди бүгүн, 18-апрелде Элдик Курултайдын чечимдерин Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Бузурманкулов.
“Биз конституцияны тезинен өзгөртүп, конституциялык реформа жасашыбыз керек. Анткени 2010-жылы кабыл алынган Текебаевдик конституция парламенттик эмес, супер-президенттик-авторитардык конституция болуп калды. Бизде толук кандуу парламенттик система орногон жок. Саясый топтор конституцияны өз кызыкчылыктарына ылайыктап жазышкан. 2010-жылы жазылган конституция боюнча шайланган парламент ар бир шайлоо сайын начарлап баратат”, – деди Айбек Бузурманкулов.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ