Menu

Нурлан Абдыкадыров: “Мукталы Бектеналиевди мен коррупционер деп айткан эмесмин”

Бөлүшүү:

Кыргызстан чакан өлкө, ошондуктан бир-бирибиз жөнүндө билебиз. Билгибиз келсе. Ар бир адамдын жакшы жактары көп болуп чыгат. Биздин менталитет ушундай.

Андыктан жар салып, элге ушак-айың таратып, жоромолду, калпты жазуу бирөөнүн тагдырын талкалайт. Учурда далилсиз каралап, ушактагандыгы үчүн мыйзамга ылайык сотко берүүгө болот. Ошондуктан жалаа жаппай, фантазиялабай, ушактабай, адам укугун унутпастан жазуу керек.

17.04.2019-жылы берген «Багыт kg» гезитиндеги интервьюда менин айтакандарым туура эмес жазылганын тактоо иретинде, сүйлөшүүнү чечмелейин.

Мен жаш курагыма ылайык ой-пикиримди эл алдында ачык, объективдүү, фактыларга негиздеп, так туура айтамын. Кабарчы менен сүйлөшүүдө сөз кинематография жөнүндө болуп — ​кино өндрүшүнө бөлүнүп жаткан аз тыйындар менен коррупция бар деп айтуу кыйын, миллиарддаган акча бөлүнгөн энерго сектор ж. б. чөйрөдө болбосо… М. Бектеналиев кино тармагында Кыдыр аке сыяктуу киночуларды биримдикте, ынтымакта, образдуу айтканда жүз киночуга жыйырмага араң жеткен устуканды тең бөлүп баарын колдоп келет. Ушундай аз бюджет менен кино өркүндөп өсүп жатканына таң калууга болот. Ак-үйдөгү, Өкмөттөгү биздин жетекчилер кино тармагындагы көйгөйлөрүбүздү билип, чечүү үчүн аракеттер жасалууда. Маданият министри менен жолугушуулар күн алыстабай болуп, ойлорубуз ачык айтылат. Ар бир жарандын өз көз карашы бар, бирок иш боюнча чечимди жетекчи чыгарат. Себеби жетекчи объективдүү, жооптуу. Бул сөз Президенттин Аппарат жетекчиси М. Бектеналиевдин жөндөмдүү жетекчи экендигин билет деп айтылган. Биздин «Чоң айылыбызда» жашыруун сыр жок, баары ачык көрүнүп турат, коррупция жөнүндө сєз болгон эмес.

Д. Эсеналиев күчтүү интеллекттүү, учурдун талабындагы жетекчи, Президенттин Аппаратынын өнүгүүсүнө негиз салып, киночуларга, маданият тармагын өстүрүүгө колдоосун берип келет.

Вице-премьер А. Өмүрбекова суроолорду учурдун талабына ылайык карап чечкен, жогорку интеллекттүү жетекчи. Маданият министрлигине кандидаттар каралып жатканда көптөгөн киночулар менен аңгемелешип, ой жүгүртүүсү бийик, реалдуу көз карашы бар, маданиятты, кинону терең билгени менен таңданткан.

Киночулар пленуму, чогулушу, жыйындары дайыма болуп, көйгөйлүү суроолор айтылат. «Киного жолду — ​талантың менен өзүң салышың керек» — ​деген киночулардын эрежеси бар.

Ал эми дүйнөнү кино менен багынтуу үчүн биздин чакан өлкөбүздө оор, дүйнө чемпиону В. Шевченконун тренери айткандай: «миллиондогон акча чачылган зор Россия, АКШ, Англия сыяктуу өлкөлөргө көчүү керек»

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: