Menu

Видео – Адил Турдукулов: “Министр Жаманкулов, премьер Абылгазиев отставкага кетишсин! Жогорку Кеңеш таркатылсын! Генпрокурордун да чарасын көрөбүз!”

Бөлүшүү:

“Адилет министри Жаманкулов СДПКнын төрагалыгын Атамбаевден алып Абдракмановго берип коюу менен антиконституциялык кылмыш жасады. Ошондуктан биз Жаманкуловду кызматтан кетирүү менен гана чектелбейбиз, аны кылмыш жоопкерчилигине да тартууну талап кылабыз!” – деп билдирди КСДПнын Саясый Кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов бүгүн, 22-апрелде Бишкекте Адилет министрлигинин алдында өткөн Атамбаевдин тарапкерлеринин митингинде.

“Эгер генпрокурор министр Жаманкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартпаса анда жакында ага да жаңы генпрокурор чара көрөт. Премьер-министр Абылгазиев министр Жаманкуловду тезинен кызматтан албаганы үчүн Абылгазиевдин отставкасын талап кылабыз. Абылгазиев кетсин! Эң башкы мыйзам чыгаруучу орган – бул парламент. Карамушкина менен Кодурановадан башка бир да депутат КСДПга каршы жасалып жаткан мыйзамсыздыктар тууралу ооз ачышпай жатат. Ошондуктан биз КСДП партиясы парламенттин таркатылышын талап кылабыз! Парламент таркасын! Абылгазиевдин өкмөтү отставкага кетсин!” – деп кыйкырды Адил Турдукулов.
Эсиңиздерге сала кетсек, 3-апрелде өткөн КСДПнын XVIII съезди партиянын төрагалыгы кызматынан Алмаз Атамбаевди кетирген. Ал эми КР Адилет министрлиги КСДПнын XVIII съездинин чечими менен төрагалык кызматка Сагынбек Абдракмановду каттаган.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: