Menu

Митингге чыккандар Атамбаев, Жолдубаева жана Сегизбаевди камакка алууну талап кылышты

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду жана экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны камакка алуу талабы айтылды.

Мындай талапты Саясий туткундарды бошотуу комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев келтирди.

“Атамбаев ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаевага таянып алып, отуздан ашык кишини саясий куугунтуктун негизинде камашты. Жыйынтыгы өздөрү Кыргызстанды тоноду, өзү Кыргызстандын эң бай адамы болуп отуруп алды. Ошондуктан Атамбаев камалсын, Сегизбаев камалсын, Жолдубаева камалсын!”,-деди ал.

Бишкекте чогулган «Ата Мекен» партиясынын жана “Мекенчил” партиясынын миңден ашуун мүчөлөрү митингге чогулуп, партия лидерлери Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду бошотууну талап кылышууда.

23-апрелде уланган Садыр Жапаровдун соту, 30-апрелге жылдырылды. Текебаев менен Чотоновдун соту баштала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: