Menu

Порошенко кийинки шайлоодо жеңишке жетүү ниетинде экенин билдирди

Бөлүшүү:

Киевде Украина президентинин администрациясынын алдында Петр Порошенко жүргүзгөн реформаларга ыраазычылык иретинде “Рахмат, Петр” аталышындагы акция өттү.

Ага бир нече миң киши чогулду. Администрация кызматкерлери дарбазаны ачышты жана каалагандардын баары имаратка жакындоого мүмкүнчүлүк алышты.

Петр Порошенко колдоо көрсөткөн тарапташтарына ыраазычылык билдирип, жакын арада алардын биримдиги “жаңы жеңиштерди камсыз кыларын” айтты.

“Парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү үчүн чогуу барабыз. Кийинки президенттик шайлоодо Банковая көчөсүнө кайрадан чогуу кайтып келебиз”, – деди Порошенко. Банковая көчөсүндө Украина президентинин администрациясы жайгашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: