Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: Уран кенинде ишмердүүлүктү изилдөө боюнча комиссиянын ишине эл аралык, анын ичинде МАГАТЭ эксперттери тартылат

Бөлүшүү:

Кызыл-Омпол уран кенинде ишмердүүлүктү изилдөө боюнча комиссиянын ишине эл аралык, анын ичинде Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттери тартылат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетту кароо учурунда билдирди.

Өкмөт башчы Кызыл-Омпол уран кенинде кен издөө иштерин жүргүзүүгө лицензия берүүнүн тарыхын айтып берди.

Ал билдиргендей, «Юразия Кыргызстан» компаниясы 2004-жылы катталган. 2010-жылы ал жаратылыш ресурстары министри Кайрат Жумалиевдин колу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө уруксат алган. Андан соң 2011-жылы Замирбек Эсенамановдун колу менен компанияга лицензия берилген. 2012-жылы уруксатка Ишимбай Чунуев кол койгон, 2015-жылы уруксатты узартууга Дүйшөнбек Зилалиев кол койгон. 2016-жылы лицензия ошондой эле узартылган.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, бүгүнкү күнү чечим кабыл алууга негиз керек, буга байланыштуу атайын комиссия түзүлгөн.

«Комиссиянын курамына жогорку класстагы, анын ичинде МАГАТЭ жана эл аралык уюмдардан адистер, ошондой эле жарандык активисттер жана экологдор тартылат. Комиссиянын иши болушунча ачык жана объективдүү болушу керек. Эгерде уран кенинин ишмердүүлүгүндө экологияны бузуу жана адамдардын ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиктери бар экендиги аныкталса, анда албетте, биз тиешелүү чечимди кабыл алабыз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: