Бүгүн, 25-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун кароо улантылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Буга чейин Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, анын эл аралык рейтингдердеги позициялары, экономиканын ар кыл секторлорун өнүктүрүү жыйынтыктары, ошондой эле социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча чаралар тууралуу маалымат берген.
Мындан тышкары Премьер-министр жана министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери эл өкүлдөрүн кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Эки күндүк талкуулардын жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун жактырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ