Саясатта кагылып-согула электе саясатчы кылып койгон аташкасы Алмазбек Атамбаевди каратып туруп сатып кеткен Жанар Акаевдин популистиги качан тыйылат ыя? Кечээ эле Сапар Исаковдун өкмөтүн дүңүнөн жамандап жардан ары кулатканга чоң салым кошуп, анан Сооронбай Жээнбековдун жаңы өкмөтүн колу-буту үзүлгөнчө колдоп берип, эми бүгүн эки ай өтүп өтө электе шыбай баштады. Уят эле. Жаш туруп жалмаңдаганын кантесиң. Сыягы КТРКнын директорлук креслосун мелжеп жатпады беле, ошол ою орундалбай калган окшойт. Жанардан билимдүү, интеллекти жогору жаштар толтура да. Сооронбай Жээнбеков деле түшүнүп турат да баарын. Атамбаевди саткан неме, Сооронбайдын согун бат эле чыгарып салбайбы.
Булак: “Ачык Саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ