Калкты банктык кызматтар менен камсыз кылуу үчүн көчмө кассалар уюштурулган. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрель күнү Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Анын айтымы боюнча, бул коммерциялык банктар менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан пилоттук долбоор. Пилоттук долбоордун алкагында 990 алыскы айыл 340 пос-терминал менен камсыздалган.
“Көсмө кассалык тейлөө пунктары калкка карталарды пайдалануу менен нак акчаны чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Бул өзгөчө пенсия жана жөлөкпул алган жарандарга абдан керектүү нерсе.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ