Menu

Жогорку Кеңеш депутаттарынын саны канча болушу керек?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш депутаттарынын саны боюнча бизде азыр бир беткей көз караш бар: көпчүлүк Кыргызстандай кембагал мамлекет үчүн 120 депутат көптүк кьшат деп эсептейт. Үй-бүлөлүк-авторитардык режим катары бааланып аткан Бакиевдер бийлигинин тушунда деле элдин мойнуна минген (депутат үчүн мамлекеттик казынадан олчойгон акча сарпталат эмеспи) ЖК депутаттарынын саны 90 болчу. Ошентсе да бул сан көптүк кылат, Кыргызстанда парламент мүчөлөрунүн саны андан деле аз, мисалы, 75 болгону туура деген ойлор айтылып келген. Ошондуктан, бакиевдик бийлик кулагандан кийин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев төрагалык кылган конституциялык кеңешме коомдук пикирге карама-каршы чечим чыгарып, парламент мүчөлөрүн кескин көбөйтүп, 120га жеткирери эч кимдин капарына келген эмес.

Мындай күтүүсүз саясый чечимдин карапайым калктан көмүскө өзүнчө себеби бар. Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүп, өлкөдөгү мамлекеттик башкаруунун формасын аныктмакчы болгон 2010-жылкы конституциялык реформа учурунда Конкеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаев баш болгон «реформачы» саясатчылардын көңүл борборунда алдыдагы парламенттик шайлоо турган болчу. Төрагасы баш болуп, Конституциялык кеңешме кайсы бир партия лидери, же активисти болгон жалаң саясатчылардан куралгандыктан, андан башкача болушу дагы мүмкүн эмес эле. Алар «күздөгү шайлоодо мынча пайыз добуш алсак, түкүнчө депутатыбыз болот, паланча депутатыбыз болсо, өкмөттү түзүп, аткаруу бийлигин ээлейбиз» деген «арифметика» менен алектене баштады да, анан жеке саясый кызыкчьшык биринчи орунга чыгып, чыныгы мамлекеттик кызыкчылык арткы планга калып кетти. Анүстүнө ЖМКда саясый партиялардын рейтингин, шайлоодогу шансын иликтемиш болгон социологиялык иликтөөлөр жамырап жарыяланып, айрым партлидерлердин башын айландырды. Кээ бир партиялар ал социликтөөлөргө таянып, шайлоодон толук утуп чыгып, 65 добушка ээ болобуз деп ишенип алышып, депутаттардын санын дагы ошого тууралады. (А шайлоонун жыйынтыгында ал «алдыңкы» партия көчтүн көчүгүндө калып, парламентке араңдан зорго илешкени белгилүү).

Депутаттардын санынын көптүгүн жактаган саясатчылар кечээ деле, бүгүн деле өздөрүнүн мындай позициясын парламенттин өз алдынчалыгынын, көз карандысыздыгынын кепилдиги катары түшүндүрүүгө, тагыраагы, жымсалдоого аракет кылып жүрүшөт. Алардын логикасын ээрчисек, эгерде депутаттардын саны көп болсо, эл өкүлүн эч ким сатып ала албайт. Кандайдыр бир шектүү кызыкчылык көздөгөн саясый күчтөр, же президент, же башка адамдар парламент депутаттарынын саны арбындыгынан сестенип, өз «музакысына бийлете» албай, аны сыйлап, эсептешип калат имиш. Акча, бийлик ж.б. каражаттардын күчү менен парламентти азгырып, депутаттарды мамлекеттик кызыкчылыктан, мыйзамдуулуктан тайдыруу коркунучу жокко чыгат экен. Парламенттик башкарууну тандаган мамлекет үчүн бул абдан маанилүү дешет. Сыягы, алар көп адам кымбат сатылат, аларды сатып алуу үчүн эч кимдин пулу жетпей калат деп ойлошот окшойт…

А ошол 2010-жылдан берки саясый тажрыйба, эки чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишмердиги таптакыр теңирден тескери натыйжаны көрсөттү. Эгерде сапат начар болсо, депутаттардын саны канчалык көптүгүнө карабай, аларды сатып алуу ошончолук оңой турбайбы. Эки чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депутаттары тең эл алдында берген антын заматта унутуп, кимдин «токмогу» күчтүү болсо, ошонун сөзүн сүйлөп, керек болсо, оту менен кирип, күлү менен чыгып, кызмат кылууга даяр турду. Парламент адегенде президент Алмазбек Атамбаевдин, бүгүн президент Сооронбай Жээнбековдун куурчагына айланып, тиешелүү конституциялык укугун пайдаланып, өз алдынча чечим кабыл ала албаган мамлекеттик бийлик органы бойдон калды. Бакиевдердин тушунда зордук менен «Ак жолдон» түзүлгөн парламент деле азыркыдан түзүгүрөөктөй көрүнчү. Дегеле, Кыргызстандын демократиялык тарыхында акыркы эки чакырылыштагыдай алсыз парламент болбосо керек. Муну Конституциянын «атасы» делген, азыр абакта жаткан абройлуу саясатчы Өмүрбек Текебаевдин өзү дагы жокко чыгарып, тана албастыр.

Демек, кеп санда эмес, сапатта. Адам табияты ушундай: дээринен саткын болсо, 100 сомго деле сатылып кете бериши мүмкүн, а намыстуу миллионго да карабайт. Айталы, Жогорку Кеңешке Сайдулла Нышанов сыякьуу азыркы парламенттин жүзү болгон билимсиз, көроокаттын ташпишинен жогору ой калчай албаган принципсиз адамдар мүчө болсо, депутаттардын санын дагы он эсе көбөйтүп, 120 эмес, 1200 кылып койсоң деле «сумма» – өзгөрбөйт, майнап чыкпайт. А эгер жалаң принципиалдуу, таза, намыстуу адамдар депутат болсо, 12 адамдан куралган парламентти да сатып алууга болбостугу бешиктеги балага деле белгилүү. «Жетимге жөтөлдүн кереги не», эртеңкини деле эптеп көрө албаган саясатчылар ар нерсени айтып кембагал элдин, карапайым шайлоочулардын башын айлантканды токтотуп, сандан мурда сапатты ойлогону оң. Парламентке абийирдүү, намыстуу, билимдүү күчтүү адамдар шайланып келсе, бизге 75 депутат деле ашыгы менен жетет.

Жогорку Кеңеш депутаттарынын санынын көптүгү аны жаналекетке түшүп жактаган партлидерлерге эле пайда бербесе, мамлекетке зыяндан башканы алып келбейт. «Партлидерге пайда» дегенибиз, алар шайлоо алдында депутаттык орун үчүн кадимкидей аукцион жарыялап, акча чогултат эмеспи. Партия лидерине 500 миң долларга чейинки суммадагы акчаны ыргытып коюп, шайлоодо ашканасынан чыкпай отуруп депутат болгондордун канчасы жүрөт парламентте? Зыян дегенибиз дагы белгилүү, Жогорку Кеңеш депутаттарына мамлекеттик казынадан, демек, элдин эсебинен олчойгон каражат сарпталат. Кайсы бир журналист 2007-жылы Жогорку Кеңеш депутаты мамлекет чөнтөгүнөн бир жыл ичинде короткон акча каражатын жөнөкөй мектеп мугалими 80 жыл иштеп араң таба тургандыгын эсептеп чыкканы бар.

Бекбол Айдаров

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: