Menu

УКМК: ЭТУ активдүү мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

2019-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын УКМК четэлдик шериктештер менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ)пландарына бөгөт коюу жана аныктоо боюнчажүргүзгөн контртеррористтик иш-чаралардын алкагында,ЭТУ согушкери,КР жараны «А.А.И.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталган боюнча, ал 2014-жылы Сирияга барып «куралчан жихадга» кошулуу максатында араб инструкторлорунан атайын диверсиялык-теорроисттик даярдыктан өтүп, андан ары согуш аракеттерине катышкан. Кийин ЭТУ лагерлеринде жалданган рекуттардын даярдоо машыктыруучу болгон.

ЭТУ башчыларынын тапшырмасы менен «куралчан жихад» жана жашыруун террористтик уюм түзүү тапшырмасын ишке ашыруу максатындаКР аймагына келген.

УКМК органдары тарабынан бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренеси (КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же  согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү)  боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат жана анын жүрүшүндө кармалган адам жасаган кылмыш иштерин мойнуна алды.

Азыркы учурда «А.А.И.» КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

КР УКМК террористтик багыттагы кылмыштарды жасаса, же болбосо таратууга аракеттенсе, мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: