Бүгүн, 26-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында Кыргызстанда уран казууга каршы чакан митинг өтүп жатат.
Митингдин катышуучулары уран казууну убактылуу эмес, биротоло токтотууну талап кылышууда.
Митингде Рита Карасартова, Элери Битикчи, Калича Умаралиева, Өндүрүш Токтонасыров, Азиза Абдирасулова, Расул Умбеталиев сыяктуу активисттер менен катар эле Алга Кылычев, Кылыч Султанов, Адил Турдукулов, Равшан Жээнбеков сыяктуу атамбаевчил күчтөр да байкалды.
Эсиңиздерге сала кетсек, азыр эл нааразы болуп жаткан Кызыл-Омполдогу уранды чалгындап казуу иштерине лицензияны биринчи болуп 2010-жылы 18-ноябрдан тартып 2017-жылга чейин Атамбаевдин указдары менен дайындалган КР Жаратылыш ресурстары министрлери Кайрат Жумалиев, Замир Эсенаманов, Ишимбай Чунуев жана Дүйшөнбек Зилалиевдер берип келишкени дайын болду.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ