Menu

Айбек Бусурманкулов, жарандык активист: “Соттор адилеттүү чечсе паспорттогу улут графасы кайра калыбына келет”

Бөлүшүү:

Кыргызды бүгүнкү күнгө чейин кыргыз кылып сактап келген улуттук нарк-насил, каада-салт жана эне тил сындуу баалуу, өзөктүү нерселер өз алдыдынча түтүн булатып, түндүк көтөргөндөн бери жогорку эшелондогу жетекчилер тарабынан өгөйлөнүп, мамлекет тарабынан тийиштүү деңгээлде көңүл бөлүнбөй келе жатат. Өкүнүчтүүсү, мурунку Президенттин тушунда паспорттогу улут графасы алынып салынды. Биз мына ушул өзөктүү маселенин тегерегинде жаш муундун өкүлүнө суроо салдык.

—Айбек мырза, эгемендүүлүк алгандан бери кыргыз улутун өзөгүнөн ажыратуу саясаты жүрүп келет, аны кантип токтотсок болот?

—Мындай саясатты токтотуш үчүн эң алды улутчул-мекенчил күчтөр мамлекеттик башкарууга келиш керек. Бийликке келгенде алгач Конституция оңдолуп, улуттук наркка, каада-салтка негизделген Башмыйзам жазылышы керек. Биздин мамлекеттик башкаруубуз дагы кыргыз элинин кылымдардан бери келаткан жетектөө тажрыйбасынын негизинде жүргүзүлүшү шарт. Ушул 3 негизги нерсе жасалган да мамлекетибиз улуттук башатка кайтып, кыргыздын духун көтөрөбүз, улуттук мамлекетке айланабыз. Биз ушул максатты ишке ашыруу учүн былтыр улутчул-мекенчил күчтөрдүн 1-курултайын өткөрүп, өкмөткө бир нече талап койгонбуз. Анын бири паспорттогу жокко чыккан улут графасын кайра калыбына келтирүү болгон. Жакында, 2-курултайды өткөргөнү турабыз. Анда биз бийлик кайсы талаптарды аткарып, кимисин аткарбаганын талдап, моюн толгогон аткаминерлердин жоопкерчилигин көтөрөбүз. Ошону менен бирге аткаруу комитети демилгелүү топ түздүк. Эми Конституцияга элдик курултай институтун киргизүу боюнча коомго суроо салабыз. Анда: мамлекеттик башкаруунун формасы президенттик же парламенттик болушу керекпи, шайлоо партиялык же бир мандаттуу болушу зарылбы деген суроону беребиз. Тийиштүү кол топтолуп, парламенттен колдоо тапса, референдумга коюлат. Кол топтоо үчүн юстиция министрлигинен күбөлүк алдык. Кудай буюруп, элдик референдумда элдик курултай институту да Конституцияга кирип калса, анда улуттук кайра жаралууга жол ачылат, улуттук башкаруу Конституцияга кирет.

—Паспорттогу улут графасынын алынганы да кыргызга каршы саясаттын бири болгону айтылган, бул чынбы?

—Албетте бул кыргыз улутуна болгон кыянатчылык. Биз бардык улутчул-мекенчил күчтөр биригип талап койгонбуз, эми аягына чыгышыбыз керек. Бул боюнча иш жүрүп жатат, Конституциялык палатага мекенчил күчтөрдун атынан үч киши, А.Бекназаров, Ж.Касаболотов, Ш.Медетбеков кайрылган. Жакында, 30-апрелде Конституциялык палатада каралат. Эгер соттор адилеттүүлүктү карманып биздин пайдабызга чечишсе, паспорттогу «улуту» деген графа кайра калыбына келет.

—Мамлекеттик тилдин ролун кандай жол менен көтөрүүгө болот?

—Мамлекеттик тилди көтөрүш үчүн биринчи кезекте Конституциядагы расмий тил деген беренени алып салыш керек. Экинчиси Кыргызстандагы мыйзамдардын баары мамлекеттик тилде жана расмий тилде жазылат деген жобону жоюш керек. Ушул жобо көптөгөн тоскоолдуктарды жаратып, тилдин өнүгүшу нө тоскоолдук жаратууда. Мисалы биз референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун жаздык, мыйзамга шайкеш келтириш үчүн котормочу жалдап аны расмий тилге которттук. Мунун баары өзүнчө түйшүк, чыгым, убаракерчилик, эң башкысы кыргыз тилине болгон бөгөт экен. Менин талабым бүт мамлекеттик иш кагаздар кыргыз тилинде гана жүрүш керек.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: