Menu

Динара Багышпаева, актриса: “Назик, созулган келин боло албасам керек”

Бөлүшүү:

«Бунт», «Кайнене» тасмалары аркылуу Динара Багышпаеваны кино сүйүүчүлөр жакшы таанып калышты. Динара тасма талаасына аралашканга чейин «Тамашоу» долбоорунда күлкү жаратуучулар менен бир нече ирет чоң сахнада өз талантын көрсөтүүгө жетишкен. Динара менен жакындан таанышсак.

—Динара, алгач өзүң тууралуу кеп куруп берсең?

—Аты-жөнүм Динара Багышпаева, 1992-жылы 26-майда Ош шаарында төрөлгөм. Атам Өзгөндөн, апам Жалал-Абаддан болот. Өзүм Ош шаарында чоңойдум, орто мектепти да ошол жактан окуп, кийин жогорку билимди ОшТУдан алдым. Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз, Чолпон деген эжем бар.

—Алгачкы жолу чоң сахнага чыкканың эсиңдеби?

—Биринчи жолу Ош технологиялык университетинин чоң сахнасына чыккам. Андан кийин драм театрында ойноп калдым. Ошол жактан Мурат Жалиев байкап калып, өзүнүн командасына чакырган. Кийин «Тамашоу» долбоорунун 5-сезонунда алгачкы жолу борбордо Спорт Ордосунун сахнасына чыктым. Толкунданган кезимде тизем титиреп, эринимди кайра-кайра тиштегилей берет экенимди кийин оюндун видеосу чыкканда көрдүм. Ал кезде дисктерде дагы таркачу. Оюн башталгандан аяктаганча эринимди тиштегилей бергенимди кийин көрүп алып аябай күлгөм.

—Бала кезимде ким болом деп кыялданчусуң?

—Кичинекейимде 3 багытты көп ойлончумун. Хирург, анан ар дайым кагаздар менен алек болгон ишкер айым же болбосо археолог болом деп кыялданчумун. Египетке барып, мумияларды изилдесем деп тилек кылаар элем. Бирок тагдыр экен, үч кесиптен тең алыс болуп калдым.

—Чыгармачылыкка кандайча аралашып калгансың?

—Университетте факультеттер аралык КВН оюндары аркылуу келип калдым. Декан агайыбыз ойнойсуң, катышасың, катышпасаңар «зачет» койбойм леп кыстап жүрүп катыштырган. Ошол жактан Тамашоунун жигиттери байкап калып, алардан командага кошулуу сунушу түшкөн.

—«Бунт» тасмасы аркылуу элге жакшы тааныла алдың окшойт. Андан алыс кетпей жакында «Кайнене» тасмасында дагы келиндин ролун жараттың. Бул тасмаларга кандайча тартылып калдың?

—«Бунт» тасмасы элге өтө жакшы сиңди, интернетте дагы эң көп көрүүчү чогулткан тасма болду. Режиссеру Сапар Сайназаров. Бул тасма «No name» командасынын алгачкы эмгеги болду. Команда сценарий жазып, келиндин ролун мага сунушташты. Роль жаратууда каарманга турмуштан алынган эле мүнөздөрдү кошуп ошондой роль жаралды. Кийинки тасма дагы ошол режиссерго таандык болгондуктан «Бунттагы» ролум жаккан ойшойт, «Кайнене» тасмасына тартылып калдым.

—Тажрыйбалуу актерлор менен роль жаратуу кыйынчылык жаратпайбы?

—Албетте кыйынчылыктар болот экен. Мага окшогондорду «халтурщик» деп коюшат, окуп үйрөнгөн эмес, нары жагында бир «чымыны» болгон үчүн өз деңгээлинде ойноп кете берет. Биз профессионалдуу актерлорду карап түздөнүп, алардан көрүп билбеген нерселерибизди үйрөнүп жаттык. Анча-мынча кыйынчылыктар болду десем жаңылышпайм. Буюрса үйрөнчү нерселер баары алдыда деп ойлойм. Алар дагы улуу муун катары кеңештерин берип жатышты.

—Өзүңдө кандайдыр бир уялган же болбосо тартынган жериң барбы?

—Мен жаш кезимден бери эле ушундай көлөмдүүмүн. Ошондуктан эч качан арык, тыпыйган кыз болгон эмесмин. Мектепте 4-классмын десем эч ким ишенчү эмес, 7-класстай көрунчүмүн. Класста эң бою узуну мен болчумун. Ошол кезде чоң болгонум үчүн өзүмдү ыңгайсыз сезгендирмин, балким. Бирок убакыт өтүп, түшүнүктөрүң кеңейгенде өзүңдү кандай болсоң ошондой кабыл алганды үйрөндүм. Кээ бирөөлөр бир аз арыктасаң, андай болсоң, мындай болсоң деп кандайдыр бир рамкага бекиткилери келе берет. Бирок жаратканым 6 санымды аман, ден соолугум чың кылганына эбегейсиз шүгүр айтам. Күзгүдөн өзүмдү көрүп азыркы туруш-турпатыма ыраазымын. Кааласам арыктайм, кааласам семирем. Мен табиятыман ушундаймын. Үйдө апам-эжемдер миниатюралуу, буттарынын өлчөмү 35 болсо, мен атам жакты тартып сөөктүүмүн.

—Келиндин образын жаратып тажрыйба топтоп калдың, кандай келин болом деп ойлойсуң?

Келечекте элестетем, назик, чоюлган, көзүн жерге салып отура бере турган келин болбосом керек деп ойлойм. Буюрса, турмушка чыксам кайненеме өз апамдай мамиле кылсам қерек. Кайнене деп аралык кармабай аны менен жакын мамиледе болуп, достордой ачык-ачык болууну каалайм, ар дайым кубанычта күлүп-жайнап жүргөн келин болом деп ойлойм. Жаман кайненеден кудайым сактасын.

—Алдыда кандай ой-максаттар бар?

—Алдыда көп максаттар бар. Аны жар салып, тигинтем-минтем деп көп деле айта бербейм. Убакыты келсе кудайым буюрганы болот. Сиздер ага күбө болосуздар деп ойлойм.

—Кандай мырзалар жагат? 

—Келбеттүү, бою узун, ыймандуу, акылдуу мырзалар жагат. Эң башкысы юморду түшүнгөн жигит болсо жакшы болмок, менин тамашаларымды түшүнгөн дегендей… Эң негизгиси турмушка тың, сени багып кете турган, чалынсаң ордуңан тургузуп, кагып туруп көтөрүп кете турган мырзалар көңүлүмө төп келет. Негизи идеалдуу адам болбойт эмеспи. Анан көп эле жылмаңдай бергендерди жактырбайм.

Назгүл Исакова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: