Menu

“Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет” же Жалил көпөс бет тырмарлык кылып айыбын ачкан журналистти сотко берди

Бөлүшүү:

«Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат» деген кылым карыткан элдик макалды байлыгына чиренген Жалил Атамбаев бүгүнкү күндө көркүнө чыгарганы турат. Дегенибиз, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев артындагы айыбы ачылганына чыдабай чычалап, «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду иликтөөсү үчүн сотко берип, 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрөм деп жатыптыр. Ооба, көзүн май баскан Жалил көпөс азыркы паракор сотторду «жашыл» акчалары менен сатып алып журналистти жайлаймын деп жаагын шакылдатып, алаканын ушалап жаткандыр, бирок коомчулук ага жол бербейт. «Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет» деген өкүмзордук азыр ишке ашпай калган. Биз эми сынбайбыз, мыйзамсыз байыгандардын жазасын берүүчү убакка жеттик.

Эске салсак, 17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө  жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон. Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү слсмалары баяндалган. Иликтөө жарыяланган соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштап, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Учурда иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилип жатат.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: