2019-жылдын 29-апрелинде УКМК ККК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын алкагында, «Бишкекбашкыархитектура»МИбөлүм башчысы,1973-ж.т. К.М. 1 миң. 500 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча
каражатын алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталган боюнча, кармалган адам Арча-Бешик жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүү документтерин жоктугун билип, тургундарды коркутуу менен 10 миң. АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Анын 2000 миң АКШ долларын 2018-жылдын аягында алган.
Материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине
катталды.
Кармалган адам УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ