Menu

Кыргыз паспортун эл аралык “шылуун” компания даярдаган

Бөлүшүү:

Эл аралык маалымат каражаттарынын жазганына баам салсак, Литвалык “Гарсу Пасаулис” компаниясы Африка өлкөлөрүндөгү коррупциялык чууга катыштыгы бар экен. Алардын айтканына таянсак, Конго Демократиялык Республикасыдагы биометрикалык паспортко байланыштуу чуунун изи Президент Кабиланын кланына алып келди.

Дүйнөдөгү эң кымбат паспорт – Конго паспорту. Кирешенин бөлүгү президенттин жакын адамына таандык болгон оффшордук компанияга кетет.

Алсак, ар бир Конго жараны үчүн бир паспорттун баасы 185 долларын түзөт. Салыштыруу үчүн, француз паспорту 86 евро турат. Бирок, Reuters карап чыккан документтерге ылайык, ҚДР өкмөтүнө 185 долларынын 65 доллары гана түшөт, т.а. толук баанын 35%.

Президент Кабила жана анын кеңешчилери бул паспорттордун артыкчылыктарын кооңсуздугуна тынчсызданган Конго жарандары дүйнөдө эркин саякатташына шарт түзөөрүн айтып кубанган жайы бар.

Конго жараны төлөгөн толук сумманын негизги бөлүгү Samlex бельгиялык компаниясына жана Бириккен Араб Эмиратында турган кичинекей компанияга түшөт. Бул компания Персия булуңунан чыгып, LRPS деп аталат жана Конго өкмөтү жана Samlех компаниясынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык ар бир берилген паспорт үчүн 60 долларын алат. LRPS Бириккен Араб Эмиратындагы Рас-эль-Хейма шаарында катталган, бирок анын ээси тууралуу так маалыматтар жеткиликтүү эмес.

Жүздөгөн миллион долларлар

Конго паспортунун таң калаарлык кымбаттыгынын далили, Samlexке тиешеси жок Zetes бельгиялык компаниясынын берген сунушу болот. Reuters таанышкан документке ылайык, Zetes 2014-жылдагы биометриялык паспортту ишке ашыруу боюнча өкмөттүк планда, бир паспорт 28,50 АКШ доллары туруш керек эле. Zetes өзүнүн сунушун ушул баанын негизинде бергенин тастыктаган.

Акырында, 185 АКШ долларлык паспорттор LRPS жана Samlex компанияларынын капчыгына туруксуз, кедей мамлекеттин эсебинен жүз миллиондогон долларларды алып келмек. БУУнун маалыматы боюнча, КДР киши башына түшкөн жылдык орточо кирешеси болгону 680 долларды түзөт.

“Келишим ачык болуш керек эле’’

2014-жылдын ноябрь айынын башында Samlex бир паспортту 50 долларга даярдамак. Кабилага 13-ноябрда жиберилген катта баасы 120 долларга көтөрүлгөн.

2015-ж. март айында келишимди даярдоону аяктоо үчүн Каразиван Тышкы иштер министри тарабынан Киншасу шаарына чакырылган. Май айынын аягында Бюджет министрлиги  Samlex компаниясына беш жылга келишим түзүүнү сунуштаган. 2015-жылы июнь айында Каразиван, ҚДР Тышкы иштер министри Рэймон Чибанда жана Каржы министри Иав Муланг тарабынан келишим түзүү аяктаган.

Samlex долбоорго 222 млн.доллар инвестициялоого макул болгон. КДР өкмөтү өзүнүн жарандарына паспортту 185 долларга сатууну көздөгөн, бул 100 доллар турган мурунку паспорттун баасынан бир кыйла кымбат.

Ар бирине өөз үлүшү

2015-жылы 11-июнунда кол коюлган келишимде 185 доллардын 65 доллары Конго мамлекетине түшөт. Калган 120 доллары Брюсселдеги Samlex Europe, Литвадагы Samlex типографиясы жана Бириккен Араб Эмиратында катталган LRPS фирмасы кирген консоциумга которулат. Ал эми, бул 120 доллары 11-июнда кабыл алынган эки келишимдин негизинде бөлүнөт. Бул келишимдердин бирине ылайык, Киншаса шаарындагы ишкана өзүнүн кызматкерлерин долбоорго катышкандыгы үчүн ар бир берилген паспорттон 12 доллар алат. Бул ишкана Reuters жүргүзүп жаткан изилдөө тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.

Бул келишимге кол койгон Samlex үч ишканасы ар бир берилген паспорт үчүн 48 доллар алат. Калган 60 доллар консорциумдун кассасына түшөт. Reuters таанышкан бир докуменке ылайык бул акчаны LRPS колдонот. Ал үчүн аталган фирма административдик, логистика жана Конго өкмөтү менен болгон маселерди чечүүгө милдеттүү. Samlex жана Конго өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим боюнча сүйлөшүүлөрдө Каразиван Samlex-тин ээси  фирмасын LRPS көрсөтөт.

Бул макала менен айталы дегенибиз, Каразиван ээлик кылган Samlex компаниясы Кыргызстанда паспорт даярдоо боюнча МКК өткөргөн тендердин жеңүүчүсү болгон “Гарсу Пасаилиус” компаниясынын ээси болуп эсептелет. Демек, Африка өлкөлөрүндө ушундай коррупциялык иштерге баш-оту менен киришип, акыры айыбы ачылган соң, атын өзгөртүү менен келип, Кыргызстанда дагы чоң афера кылгысы келген. Ага биздин МКК жетекчилик кызматтагы адамдар же билбестигинен, же атайын эле акча жасоо боюнча арам ойу менен жардам кылып, тендерди мыйзам бузуулар менен өткөрүп, учурда камалып отурат. Эгерде укук коргоо органдары өз убагында мындай кадамдарга барбаса, бизде да паспорт алуу кимдир бирөөлөрдүн бизнесине айланып калмак окшойт. Анан аягында осурган кыз, осурбаган кыздын бетин тырмайт болуп, актыгын айтып өлгөнчө карганып отурушат. Булардын артында бейөкмөт уюмдардын да чырылдап турушу да күмөндүү ойлорду жаратпай койбойт. Чындыгында биз качан жеп-ичкичтер менен тойбос ажыдаарларды айырмалап, чын-төгүнүн ажыратканды үйрөнөбүз, же ууру күч болсо. ээси доого жыгылат батуп жүрө беребизби?

Курманбек Жумашев

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: