Menu

Европадан башпаанек сураган диний партия мүчөсү Польшадан чыгарылуу коркунучунда

Бөлүшүү:

Собировдун төрт баласы бар, бир жылдан ашык убактан бери Варшавада жашоодо. Польша бийлиги бул үй-бүлөгө 2 миң злотый (500 доллар) жөлөк пул чектеген. “Нан-туз” уюму турак-жайды ижарага алууга жардамдашкан. Сабировдун балдары мектепте окуйт, калгандарынын иштөөсүнө уруксат берилген эмес.

Собировдун билдиришинче, Польша ага башпаанек берүүдөн экинчи жолу баш тартса, өлкөдөн чыгарылышы ыктымал. Ал мекенинде куугунтукталып, түрмөгө түшүшү мүмкүн экенин айтууда.

Собиров үй-бүлөсүнүн коопсуздугу үчүн партиялык билетин өрттөп таштаганын, бирок көз караштарынан баш тартпай турганын белгилейт.

Тажик бийлиги “Ислам кайра жаралуу партиясына” 2015-жылы мурдагы коргоо министри Абдухалим Назарзоданын көтөрүлүшүнөн кийин тыюу салган. Партияга ”козголоңго катышкан жана бийликти басып алууну көздөгөн” деген айыптар коюлуп, жүздөн ашык тарапкери кармалып, ондогону түрмөгө кесилген. Көп өтпөй Жогорку сот партияны террордук уюмдардын катарына кошкон.

Польша бийлиги Сабиров диний партиянын мүчөсү болгондуктан, үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүлүп жатканы башпаанек алууда олуттуу себеп болуп бере албайт деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: