Menu

«Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган спорттук иш-чарага 20 миңден ашык эл келди»

Бөлүшүү:

Жогорку Қеңештин депутаты Искендер Матраимов Ош облусунун өзү туулуп өскөн Кара-Суу районунда атасы Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган спорттук иш-чараны жогорку деңгээлде өткөздү. Биздин билишибизге караганда, жыл сайын Улуу Жеңиш күнүнө карата 9-майда өткөзүлчү. 9 жылдан бери бул саамалык уланып келатат. Быйыл орозонун башталышы 6-майга туш келип, бул спорттук мелдеш 1-май күнүнө жылдырылган. Акыркы үч жарым жылдан бери Искендер Матраимов өзүнүн Жогорку Кеңештеги кесиптештерин иш-чарага чакырып келет. Бул жаңылык эмес. Быйыл да эскерүү турнирге Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков, вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, фракция лидерлери Алмамбет Шыкмаматов, Алмазбек Батырбеков, депутаттар Жанар Акаев, Руслан Казакбаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Канатбек Исаев жана башкалар келишти. Мындан сырткары, иш-чарага келген элдин саны болжол менен 20 миңден ашты. Тиги жагы Өзбекстан, бу жагы Бишкектен барышты. Кылкылдап келген эл Матраимовдорго жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан жылуу сөздөрүн арнап, алкыш-баталарын арнады.

Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат:

– Депутаттар – эл өкүлдөрү. Аларга ар кимден, ар кайсы жактардан чакыруулар келет. Кагаз жүзүндөгү чакыруубу, оозеки чакыруубу, алышса бара беришет. Ал депутат эле эмес, ким болбосун, өздөрүнүн каалоосу да. Экинчиден, коллегалар жамандык-жакшылыктарда катышат го… Көп депутаттар өз ата-энелеринин жаркын элесине арнап иш-чараларды өткөрүп жатышат. Кечээ жакында бир депутат атасына арнап ат оюндарын өткөрүптүр. Атасы каза болуп калган экен. Ага да бир тобу барышты. Мындан жамандык издебеш керек. Бул деле куран окутуунун бир түрү. Эгер Искендер, Райым Матраимовдор курман болгон атасына арнап спорттук иш-чара уюштурса, ошого барышкан болсо, анда депутаттарды барганы үчүн сындай албайм. Мен деле депутат болсом, чакырса бармакмын. Баса, убагында Матраимовдун апасы мени чакырды эле, мен ал кишиге жолуга албай калганыма өкүнөм. Ушунча көп баланы төрөп, өстүрүп, татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткирүүдө эненин ролу чоң. Андыктан, ата-энени урматтаган эскерүүлөргө тескери сөз айтууга каршымын.

Жанар Акаев, ЖК депутаты:

– Урматтуу достор, жеке мен Кара-Суудагы иш-чарага кымындай жаман оюм болбой, спикер баштаган баардык фракциялардын депутаттары менен чогуу келдим.

Өзүм беш күндөн бери Ошто болчумун. ЖК депутаты Искендер Матраимов майрамдык иш-чара уюштуруп, беш миндей эл келерин, спорттук ири таймаш болорун айтып, чакырган. Биз Райым Матраимовдун тоюна же туулган күнүнө эмес, согуш ардагерлерин кутгуктап, эл менен учурашып кайттык. Депутаттар чакырган аймактарга барып эле жүрөбүз. Эч жаман ой жок, кесиптештер менен барып кайттым эле. Эми сиздердин эмоцияңыздарды да түшүнөбүз, тепкилегенге чыдашка аргасызбыз. Көпчүлүк жалгыз мени катуу сынга алганыңарды да түшүнүп турам, үмүттү өчүрбөгүлө!

Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты:

– Жогорку Кеңештин депутаты, биздин коллега Искендер Матраимов, атасынын жаркын элесине арналган спорттук иш-чарасына күбө болуудабыз. Ошону менен катар согуштун ардагерлерин сыйлоо аземи да болуп өттү. Ушунун баарын ыйык рамазан айынын алдында өткөзүп атканын да жүйөлүү катары түшүндүм. Спорттук иш-чара демекчи, бир жерде балбандар күч сынашып атса, топ чапкычтар бир жерде. Нарыраак жерде интеллектуалдык оюндардын таймашы. Бул жерге ЖКнын спикери Дастан Жумабеков баш болгон парламенттеги баардык фракциянын депутаттары болушту. Бул кадыресе эле көрүнүш. Парламент депутаттарынан тышкары вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев да келди. Ардагерлерди сыйлоо аземин улай мини-футбол боюнча финалдык чоң мелдешке күбө болдум. Өзбекстандан волейбол боюнча аябай күчтүү команда келген экен. Анча-мынча биздин ортозаар командаларыбызды утуп атканын байкадым. Кантсе да кайсы бир жылдары эки элдин ажырымы ушундай иш-чаралар менен кайрадан калыбына келип, ынтымакташып атканы жүрөктү жылытты.

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты:

– Кара-Суу районунда Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган спорттук иш-чарага анын уулу, биздин коллегабыз Искендер Матраимовдун чакыруусу менен катыштык. Өзүңөр билгендей, Кара-Суу району республикада эң чоң райондун бири. Иш-чарага райондогу болгон айыл өкмөттүн спортко ышкыбоздору, кошуна Өзбекстандын Анжиян чөлкөмүнөн да топ чапкычтар келип, жандуу катышып аткандарын өз көзүбүз менен көрдүк. Өтө жогорку деңгээлде өтүп атат десек жаңылбайбыз. Үч миңден ашуун, анын ичинде согуштун ардагерлерин, тылда калып иштегендерди, райондун жалпы аксакалдарын сыйлап, даам сыздырып, алардын батасын алуу ар кимдин колунан келе бербейт. Президентибиздин региондорду өнүктүрүү демилгесин ушундай форматга өткөрүү да чоң иш экенин баамдадым. Исмаил атабыздын уулдары тикелеринен тик туруп, спорттун футбол, волейбол, күрөш, шахмат ж.б. оюндарынан турнир өткөрүп атканы элдин духун көтөрүп койду. Мен бул жерден башка эч бир саясатты көргөнүм жок. Мындай адамдарга алкыш гана айтуубуз абзел. Акыркы учурда өздөрү кылбайт, кылган адамды көралбаган заманга баратабыз. Кылдан кыйкым, жумурткадан кыр издеп, сынап, «дагы эмнени кылып ийет болду экен?» дегенсип, аңдып карап тургандарды түшүнбөй кетем. Биз ушундайды токтотсок. Райым Матраимовду жаманатты кылгандан алыс болсок. 20-30 адамдын жаман пикири «погода» кылбайт. Алар иш-чара өтүп аткан жерге келип, элдин маанайын көргөндө таптакыр башкача ойдо калышмак.

Керим Турапов, КР эл артисти:

– Мен дагы көпчүлүктүн катары менен чакырылгандыктан бардым. Бир четинен жердешим, экинчиден, айылда Исмаил деген атабыз болгон. Мына ушу кишинин уулдары жыл сайын спорттук чоң эскерүү турнирин өткөрүп келет. Бул биринчи эле жыл эмес, көп болуп калды. Жылдан-жылга кулачын жайып, кеңейип, деңгээли да ого бетер көтөрүлүүдө. Өзгөчө волейбол боюнча мелдешине атайын Өзбекстандын Анжиян облусунун курама командасы келгенин угуп калдым.

Демек, республикалык эле эмес, эл аралык болуп калып атат. Майрамдык иш-чарага 20 миңдей эл келип, Исмаил атабыздын уулдары тартуулаган даамдан сызып, баталарын берип атышат. 1-май майрамдык маанай жакшы. Менин зээнимди кейиткени – сөзсүз түрдө алгылыктуу иш-чара өтүп атканда «мыкты өтүп атат» деп айткандын ордуна, кемчилик издеп, ушак-айың сөздөрдү таркатып жиберишет. Биз жакшыны баалаганды качан үйрөнөбүз? Билбейм. Кээде жакшы менен жаманды так ажырата албаганыбыздан алдыга жылбай атабыз да. Мисалы, бүгүнкү иш-чара келген элдин баарына жагып, жыргап атышканын көрдүм. Улуулар «Кыргызстаныбыз өсүп-өнсүн, элде тынччылык болсун. Дыйкандарыбыз байысын, биримдик болсун, журтубуз бакубатчылыкта жашасын!» деп өз баталарын берип, алкап атышты. Мунун эмнеси жаман? Тескерисинче, мындан өткөн жакшы нерсе жок. Мындай жигиттер Кыргызстанда көп болсун, ар бир облуста, ар бир райондо, керек болсо ар бир айылда демекчимин.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: