Menu

Мырзабек Анарбаев, Аравандагы цемент заводунун кадрлар бөлүмүнүн башчысы: “Мамлекетке жүз миллион сомдон ашуун салык төлөйбүз”

Бөлүшүү:

– Мырзали мырза, заводуңуздардын суткалык кубаттуулугу канча?

– Ишканабыз 2007-жылы ачылган. 2008-жылы августтан баштап биринчи продукция чыга баштады. 600-700 тоннага чейин цемент чыгарган эски заводубуз бар эле. Негизинен түштүк регионун камсыздап турганбыз. Кийин Тажикстанга да жөнөтө баштадык. Бара-бара ишкананы жаңылап, горизонталдык эмес, вертикалдуу айлануу менен иштей турган завод курулду. Азыркы күндө суткалык кубаттуулугубуз 2,5 миң тонна. Азыр тегирмен менен жүктөөчү жай да жаңыдан курулуп жатат. Ошондо жүктөө системасы да жакшырат.

– Продукцияны кайсы жактарга сатасыздар?

– Негизинен Кыргызстандын ички рыногуна кетет. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарына. Кийинки кездерде кубаттуулук көбөйгөнүнө байланыштуу Өзбекстан да ала баштады. Биз өндүргөн продукциянын он пайызга жакынын алат. Бир айдай болуп калды, түндүк багыты ачылып, эми Бишкекке да алып кете башташты.

– Маркалары кандай?

– Бизде бир гана М-400 чыгат. Бирок, заказга карап, чоң партияда заказ боло турган болсо М-500 да чыгарсак болот. Лицензиябыз бар. Бирок, азырынча ага заказ боло элек. Биздин цемент негизинен көп кабаттуу жана жеке үйлөрдүн курулушуна кетет. Цемент менен эле чектелбей, даяр бетон да сатабыз.
Машина менен айткан жерине чейин жеткирип бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар.

– Сырьену кайдан аласыздар?

– Продукцияны чыгарууга 70 пайызга жакын сорттуу таш керек болот. Өзүбүзүн карьерибиз бар. Анан гипс менен көмүр кетет. Мурда сырьену Казакстандан, Монголиядан алчубуз. Азыр темирден башкасынын баары өзүбүздөн чыга баштады. Гипсти мисалы, Ноокаттан алабыз. Жакын арада Жалал-Абаддан да ташышыбыз мүмкүн.

– Канча киши иштейт?

– Өндүрүштүк, тейлөөчү жана админстративдик персоналды кошкондо беш жүздүн тегерегинде. Жумушчулар жатып иштешет. Техникалык жабдууларды, өлчөөчү приборлорду камсыздоо жагыңда Кытайдан келген адистер иштешет.

– Ишканаңыздар кирешелүү элеби?

-Кирешелүү болбогондо, мамлекетке жүз миллиондон ашуун салык төлөбөйт элек да. Былтыр, мурдагы жылы 120 млн. сомго чейин төлөдүк. Быйыл андан да көп болушу мүмкүн. Биз Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашканбыз. Ошондуктан, бул айылга, аз камсыз болгон кишилерге такай спонсордук жардам көрсөтүп турабыз. Биздин бирден бир жеңишибиз – азыр жаңы технология, жаңы жабдуулар менен иштеп жатабыз. Айлана-чөйрөгө эч кандай зыяны жок.

Жыргалбек Эшимов, Араван району

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 19 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: