Генерал Курсан Асановдун ИИМ министринин орун басарлыгын аркалап келе жатканына быйыл 9 жыл болду. Министрдин орун басары болуп узак убакыт иштөө боюнча рекорд койду десек жаңылышпайбыз. Бир жылда бирден өкмөт башчы алмашып жаткан доордо да, андан башка учур-арда да өз милдетин жоопкерчилик менен аткарып келе жатат. «Зам» эмес, «сам» болот элем деген амбициядан алыс Курсан Сатарович кесипкөй милиция кызматкери экени талашсыз. А тугүл бир учурда министр бол деген сунуш-тан да баш тартканын уккан жайыбыз бар. 2010-жылдагы Ош коогалаңында да кан кечип жургөн эр жүрөк генерал ушул Асанов болгонун эч ким танбаса керек. Кызматта көпкө олтуруунун «секретин» Курсан мырзадан үйрөнүшүбүз керек!
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ