Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 25-майда, 2017-жылдын январь-апрель айлары үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, 2017-жылдын 13-майына карата Мамлекеттик салык кызматы республикалык бюджетти аткаруу планын 100,1% деңгээлинде камсыз кылган жана 22 339,3 млн. сомду түзгөн, Мамлекеттик бажы кызматы 103,1% же 9 108,3 млн. сомго, Социалдык фонд 101,7% аткарган жана бул 8 528 млн. сомду түзгөн. Адылбек Касымалиев белгилегендей, үстүбүздөгү жылда мамлекеттик бюджетти аткаруудагы көрсөткүч 2016-жылдын аналогдук көрсөткүчүнө салыштырмалуу көбөйгөн.
Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жогоруда аталган мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларында бюджетти аткарууда пландык көрсөткүчкө жеткирүүнү тапшырды.
Мухамметкалый Абулгазиев бюджеттин киреше бөлүгүнө чогултууларды аткарбагандыгы үчүн тиийштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине катуу чаралар кабыл алынарын эскертти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ