Ушу саньда боюнча Кытайда өткөн Дүйнө кубогунда кыргыз спортчусу Талантбек Акматов коло байгени багындырды. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
Мелдеш 24-29-октябрь күндөрү Кытайдын Гуанчжоу шаарында 39 өлкөнүн спортчуларынын катышуусунда өткөн. Анда кыргыз спортчусу 80 килограмм салмактык бөлүктө күч сынашып коло медалга ээ болду.
Буга чейин Талантбек Акматов ушу саньда боюнча Кыргызстандын 4 жолку, жана Азиянын 2 жолку чемпиону болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ