Menu

Россиянын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу Президент Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен сүйлөштү.

Баарлашуунун учурунда Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктап, жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Мындан тышкары, мамлекет башчылары эки тараптуу актуалдуу маселелерди жана 6-декабрда Санкт-Петербург шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумун жана Көз карандысыз Шериктеш Мамлекет башчыларынын бейрасмий жолугушуусун талкуулашты.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго туулган күнүнө байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин эң жакшы каалоолорун билдирген куттуктоо телеграммасын жөнөткөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: