Menu

Уран Рыскулов, коомдук ишмер: “9 пайыздык тоскоол чекти ким ойлоп тапканы табышмак. Буга биздикилердин мээси жетмек эмес!”

Бөлүшүү:

– Уран мырза, Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссия адилеттүү чечим чыгарат деп ишенсек болобу?

– Кой-Таштагы окуяны азыркы түзүлгөн комиссиянын курамында чындык ачыкка чыкпайт деп ойлойм. Анткени, комиссиянын курамына жогору жактагылар өздөрүнүн сөзүн эки кылбай турган адамдарды киргизишкен. Алар кандай болгон күндө да, бийлик кандай десе ошондой чечим чыгарып, корутунду жазып беришет. Менимче Кой-Таш окуясы бул бийлик кеткендин кийин өзүнүн татыктуу баасын алат.

– Комиссиянын курамы купулуңузга толобу?

-Комиссиянын курамындагы депутаттар кечээ эле Атамбаевдин этегине намаз окуп жүрүп, ал кызматтан түшөөр менен аны тепкилеп киришкен депутаттар болсо, кантип купулума толмок эле. Бул жерде принципке турган, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн адамдар аз. Ошондуктан аларга ишеним арталбай турам.

– Атамбаевдин мамлекет тарабынан берилген жан сакчысынын камалышы мыйзамдуу эле болдубу же бийлик аша чаап кеттиби?

– Өз кызматтык милдетин так аткарып жаткан УКМКнын кызматкеринин камалышы – УКМКнын коррупцияга малынып, мыйзамга баш ийбеген жети баштуу желмогузга айланганын далилдейт. Ушул окуядан кийин суроо туулат. Эмне үчүн эң жабык деген мамлекеттик коопсуздук кызматы бүгүнкү күнү мамлекеттин коопсуздугун коргомок турсун, өз коопсуздугун коргой албай калды. Жо-ок коргой алат десе, эмне үчүн УКМКнын министри Бакаев күмөндүү авариядан каза болду. Эмне үчүн УКМКнын министри Суталинов камалды? Эмне үчүн дагы бир министр Бусурманкул Таабалдиев качып жүрөт? Эми жөнөкөй кызматкерлер жөнүндө сөз кылбай эле койолу. Анткени 7-апрель боюнча да ушул эле тармактын кызматкерлери соттолгон. “Эми кимдин кезеги?”- деген суроо туулат? Ошентип эле улам бирөөнү соттотуп коюп жүрө беребизби? Алар ант берип, буйрук аткарган кишилер да. УКМКга радикалдуу реформа керек. Алар АКС деп ачып алып участковыйдын деңгээлине түшпөш керек. УКМК тышкы жана ички чалгындоо менен гана алектениши керек. Дүйнө жүзүндө практика ошондой.

– Бабанов жогору жак менен тил табыша албай кеттиби же саясатка аралашууга уруксат алалбай койдубу?

– Бабановдун келиши менен Текебаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу бул Кремль
менен Американын шайлоо астындагы оюнунун башталышы. Бабанов келет дегенде УКМКнын пресс-борбору расмий билдирүү тараткан. “Бабановдун үстүнөн кылмыш иши козголгон, келсе камалат”- деп. Эртеси учуп келди. Камалган жок. Бир күндө эмне өзгөрдү, аны камабагыдай? Анткени, бир күн мурда Медведев учуп келген. Ошол баарын ордуна койгон. Медведев келгенден кийин Бабановдун келиши, Текебаевдин түрмөдөн чыгышы биздин бийлик бутактарынын толугу менен сырткы күчтөргө баш ийип калганын тастыктайт.

– Парламенттик шайлоодо мурдагыдай эле ыкмалар колдонулабы же бийлик адилеттүү болууга аракет кылабы?

– Шайлоо кандай өтөт, аны биздин бийлик чечпейт. Аны сырткы күчтөр чечет. Ошон үчүн шашышып улам бирөөнү түрмөдөн чыгарып, бирөөнү Москвадан алып келип, бир жери туура келбей калса кайра алып кетип шайлоонун шайтан оюнун башташты. Шайлоо ушул эреже менен өтөт. Азыркы депутаттардан дагы жүзү кара, ач көз акмактар келет. Аны эл эмес, депутаттар өздөрү айтып жатат. Анткен, Евросоюз ондогон миллион еврону шайлоого бөлгөн. Ал акчалар элди, шайлоо комиссиясын, административдик ресурсту сатып алыш үчүн жумшалат.

– Шайлоо барьерин 5 пайыздан 9 пайызга жогорулаганы партиялар жалаң капчыктууларга басым коюга аргасыз кылбайбы?

– 9 пайыздык барьерди ким ойлоп тапканы табышмак. Буга биздикилердин мээси жетмек эмес. Дагы эле сырткы күчтөрдүн аралашканы байкалып жатат. Дүйнө жүзүндө шайлоо барьери 2-3 пайыз болот. 9 пайыз дегени дагы акчанын күчү менен өз кишилерибизди шайлайбыз дешкендери го.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: