Menu

Соттор да ыйлашат экен…

Бөлүшүү:

Белгилүү журналист Шейшекан Жээналиева интернеттеги өзүнүн Фейсбук баракчасына мындай деп жазган экен:

“Байлар да ыйлайт” дегендей, соттор да ыйлайт тура. Тобоо. Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси Каныбек Акыевге “тиштери” өтпөгөн соттордун ыйына “боорум ооруду”. Азыр дээрлик бардык системада коррупциянын арааны жүрүп турган чакта адилеттүүлүктү, калыстыкты туу туткан соттордун ыйы шоона эшпейт. Соттор да калыссыздык, адилетсиздик деген эмне экенин жон терилери менен сезишсин!» – дептир. Тактап айтканда кечээ Жогорку Соттун жалпы судьяларынын атынан кесиптеши Акыев деген сот жана анын баласы Каныбек Акыевге карата нааразы болуп жазган арыздануу каты интернет булактарына тарады. Анда Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын жогорудагыларга карата эч кандай чара көрбөй жатканы туурасында ыйлактап жазган нааразычылыктары камтылган. Соттор жөнөкөй жарандарды гана ыйлатат экен десе, көрсө өздөрү деле ыйлашат тура бечаралар…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: