Menu

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов айыпталуучулар кайсы кылмыш иштери боюнча тергөө менен кызматташуу келишимин түзгөндүгүн тизмектеп берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-майда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында прокуратура органдарынын өткөн жылы аткарган иши боюнча отчёт берди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Руслан Чойбеков канча адам кандай кылмыш иштери боюнча тергөө менен кызматташканы тууралуу суроону башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго узатты.

Башкы прокурордун айтымы боюнча, тергөө менен макулдашуу келишими 18 берене боюнча түзүлөт. Ал негизинен коррупциялык иштер боюнча макулдашуу түзүлө тургандыгын айтты.

Өткүрбек Жамшитов шектүүлөр кандай кылмыш иштери боюнча тергөө менен келишим түзгөндүгүн тизмектеп берди. Алар:

– кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу боюнча кылмыш иши,

– Чолпон-Ата шаарындагы “Ак-Кула” ат майданын оңдоодогу коррупция иши боюнча,

– Тарых музейин реконструкциялоо боюнча,

– Кой-Таш окуялары боюнча.

“Макулдашууга барып, күнөөнү мойнуна алып жатат да?” – деп сурады депутат.

“Өзүн дагы жана башка коррупциялык схеманы да толук көрсөтүп берет” – дей башкы прокурор.

Депутат Руслан Чойбеков “практика жүзүндө натыйжа берет экенби” деп тактады.

“Ооба. Макулдашууга барган адамга дагы өкүм чыгат. 300 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат” – деди Өткүрбек Жамшитов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: