Бүгүн, 26-мартта Казакстанда таажывирус илдетин жуктуруп алган дагы 5 жаран катталган. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда Нур-Султан шаарында- 3 адам, Алматыда- 2 адам вирусту жуктуруп алган.
Азыркы учурда аталган өлкөдө 88 адам таажывирус илдети менен жабыркап келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ