Menu

Душанбеде Орозодо коомдук тамактануу жайлары күндүз да иштөөгө милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Душанбе шаарынын кафе жана ресторандары Рамазан айында күндүз дагы иштейт. Мэрия эшигин кечкисин гана ачкан коомдук тамактануу жайларына административдик чара көрүү боюнча токтом чыгарды.

“Душанбеге көптөгөн өлкөдөн туристтер келери күтүлүүдө. Алардын айрымдары жергиликтүү салт-санаа, маданият менен танышуу үчүн улуттук ашканаларды издешет, башкалары сүйүктүү тамагын сунуштай турган жайларга барууну пландашат. Буга байланыштуу тажик борбор калаасындагы кафе, ресторандар күндүзгү саат 11ден тартап иштей башташы керек” деп айтылат мэрия тараткан билдирүүдө.

Бирок бул сунушка кулак төшөбөгөндөр кандай жоопкерчиликке тартылары тууралуу токтомдо так жазылган эмес.

Орозонун биринчи күнүндө коомдук тамактануу жайларынын дээрлик көбү ачык болду, бирок мурдагыга салыштырмалуу кардарлар аз. Душанбедеги түрк ресторандарынын биринин администратору Аниса Каримова Рамазан айында иш графиги өзгөрбөгөнүн айтты. “Ооба, келгендер аз… Адатта Рамазан айында ушундай эле болот. Бирок биз кардарлар азайып кетти деп, ресторанды жаап таштабайбыз”, – деди Аниса.

Айрым коомдук тамактануу жайлары Орозо башталгандан бери аш тизмелерин кайра карап чыгууда. Душанбеде негизинен тез тамактануу жайлары жабык. Соода борборлорунда жана сейил бактарда кишилер аз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: