Menu

Батукаев боюнча баардыгы ачыкка чыгат…

Бөлүшүү:

Батукаевдин чыгып кетиши боюнча кылмыш иши жандангандан бери бул ишке тиешеси бар бир катар адамдардын түн уйкусу бузула баштады. Жогоруда эки дарыгердин камалганын жаздык. Эми жакынкы күндөрү бул ишке тиешеси бар делген дагы 3 дарыгер кармалышы мүмкүн экендигин бизге ишенимдүү булактар кабарлашты. Алар Батукаев абактан чыгарылган 2013-жылы чоң кызматты ээлеп турган. Азырынча аттарын жазбай туралы. Биринчиси Республикалык Кан борборунда убагында иштеген аксакал адам, илимий даражалары да кыйла экен. Экинчиси менен үчүнчүсү ошол учурда Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп тургандар. Бул адамдар азыр сурак берип жатышат. Себеби, алар Батукаевдин дартын аныктоого чоң салым кошушкан. Бирок аларга жогорку жакта өкмөттүн деңгээлинде буйрук болгонун да унутпашыбыз зарыл. Кыскасы, Батукаевди абактан чыгаргандар боюнча кызыктар али алдыда. Буйруса, баары ачыкка чыгат.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: