Жыл жаңыраар алдында камактагы бир катар мурда-кийинки чиновниктерге мунапыс жарыяланып, эркиндикке коё берилишти. Апрель окуясы боюнча айыпталгандар жазасынын көп бөлүгүн өтөп чыгышса, Данияр Нарымбаев баштаган саясатчылардын баардыгы зуу коюшту. Жакында Медет Садыркуловду өлтүргөн, чыканагына чейин кан болгон канкорлор да мунапысты күтүп, эркиндикке чыгаары боюнча каңшаар кептер тароодо. Мындай шартта тээ ала жазда камалган Бекболот Талгарбеков баштаган саясатчыларга да кечирим берилиши керек да, туурабы? Тең салмактуулук үчүн. Анан калса юридикалык жагынан да каарманыбызга карата коюлган күнөөлөр негизсиз экенин генералдар баш болуп какшап келе жатьышканын кайда катабыз? Соттук териштирүүлөрдө да Бекболот мырзага карата коюлган күнөөлөр далилденбегени тууралуу күбүр-шыбыр кеп кетти. УКМК СИЗОсуна камалган Талгарбековдун жаза мөөнөтүнүн буга чейинкисин эсептеген күндө дагы эки жылга жакын убактысын өтөп койгону сөз болууда. Мындай шартта негизсиз иш менен камалган Бекболот мырзага кечирим берсе болбойбу? Кокосуна чейин коррупцияга малынган Данияр Нарымбаевге иштеген мунапыс, күнөөсүз жагдайда отурган Талгарбековго неге иштебейт? Адилеттүүлүк кайда? Биз эми адамбыз го, башына иш түшүп, кыйчалыш кезге кабылганда калыс сөзду айталы да, туурабы?
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ