Кечээ, 7-майда, Бишкек шаардык соту мурдагы президент К.Бакиевдин тушунда Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматын жетектеп турган Мурат Суталиновдун ишин карап, аны сот залынан бошотуу чечимин кабыл алды. Буга биринчи кезекте 2010-жылдагы окуялар боюнча күнөелүү аталып, абакта жаткан М.Суталиновдун айыккыс дарт менен ооруп жатканы себеп болгон.
Журналисттердин суроолоруна жооп берген Мурат мырза: “Бүгүн чыгам деп ойлогон эмесмин, аябай таң калып жатам. Кыргыз элине аябай ыраазымын. Мен алардын колдоосун сезип жаттым. Мени көп киши кечирди, ошолорго рахмат. Эми калган жашоомду туура жолдо жашайм. Өзүмдүн моралдык күнөөмдү сезип жатам. Ошол трагедияларды токтотконго күчүм жетпеди, ошол үчүн кечирим сурайм, азыр да сурайм. Мындан ары үйдө болом, дарыланам, эч жакка барбайм. Биздин дарыгерлердин деңгээли бийик экенине ишенем. Сыртка чыгып кетүү ниетим жок”,- деди.
Кыргыз элине ыраазычылыгын Суталиновдун атасы Абдыбек Суталинов жана жубайы да билдиришти. Эске салсак, М.Суталиновдо рактын 3-даражасы аныкталган, бөйрөгүн алдырып салууга аргасыз болуп, химиотерапия алып жүргөн.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ