Menu

Абдывахаб Нурбаев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: “Чет элдик кеңешчилер 24 миң долларга чейин айлык алышат экен”

Бөлүшүү:

– Абдывахаб Мамадрасулович, эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттен түндүк-түштүк альтернативалык жолуна келген грант тууралуу кызуу талаш жүрүп жатканын угуп калдым. Ал эмне болгон грант?

– Транспорт министрлиги түндүк-түштүк альтернативалык жолу боюнча бир мыйзам долбоорун ратификацияга алып келди. Эл аралык уюмдардан 9 млн. доллар грант келсе, анын 7 млн. доллары консультациялык кызматка кетери жазылып жүрөт. Бул өтө туура эмес. Себеби, алар биздин мамлекетке берип, кайра эле өздөрү алып кетип атат. Ар бир кеңешчи 24 миң долларга чейин айлык алышат экен. Дүйнөдө эң күчтүү экономика катары эсептелген АКШнын президентинин айлыгы 30 миң доллар. Комитет «азайткыла» деп сунуш бердик. Палатанын жыйынына чыкканда биз бул маселени дагы көтөрөбүз.

– Бирок, сиз өзүңүз эң жөнөкөй арифметика менен эсептеп бербедиңизби, кеңешчилер айына 25 миң доллардан алганда деле анчалык сумма кетпейт экен.

– Алар эми башка чыгымдарын да кошту окшойт. Бирок, биз бул боюнча өкмөткө сунуш бердик. Бул жерде
көптөн бери келаткан схема бар. Биз аны сындырышыбыз керек.

– Бирок, сиздердин комитет «чыгымды азайткыла» деп тапшырма берген менен минтранстын өкүлү «келишим түзүлүп калган, азайта албайбыз» дебедиби?

– Транспорт министрлигинде атайын кызыкдар болгон топтор бар. Менин жеке оюмча, бу жерде чоң коррупциялык элементтер болушу мүмкүн. Ошон үчүн биз бул маселе ни ушул бойдон калтырбайбыз, сөзсүз иликтейбиз.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: