Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
«Жеңиш майрамы менен чын жүрөктөн куттуктоолорду кабыл алыңыз. Бул ыйык күнү Ата мекенди коргоп, душман менен салгылашкандарга ар бирибиз чексиз урмат көрсөтүп, сыймыктануу менен эскеребиз. Алардын каармандыгы жөнүндө эскерүүлөрдү аздектеп, биздин өлкөлөрдүн алдында турган милдеттерди биргеликте чечип, кыргыз жана белорус элинин өсүп-өнүгүүсү үчүн мындан ары дагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдейбиз деп ишенем. Сизге чын дилимден ден соолук жана мамлекеттик жооптуу ишиңизге ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына тынчтык, ынтымак жана бакубатчылык каалайм», — деп белгиленген Белоруссиянын Президенти Александр Лукашенконун телеграммасында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ