Бүгүн, 9-майда Ысык-Көлдүн Тоң районунун Кызыл-Туу айылында жашаган, Улуу Ата Мекендик согуштун 2-топтогу майыбы, 96 жаштагы ардагер Керимбай Элебесовду балдары менен неберелери 9-май Жеңиш күнү менен куттуктап келишкен.
Керимбай аксакал 96 жашта экенине карабай неберелеринин гаджеттеринен өзүнүн бир телеканалга берген видеоинтервьюсун көрүп олтурганын небереси Мелис Элебесов видеотасмага тартып алган.
Керимбай Элебесов 1924-жылы Жети-Өгүз районунун Чычкан айылында туулган. Советтик армияга 1942-жылы чакырылган. 1944-жылы Кенигсберг шаарын бошотууда жарадар болгон. Армиядан 1947-жылы кайтып келген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ