Menu

Гүлнара Каримованын биринчи күйөөсү Coca-Cola Bottlers Uzbekistan компаниясы үчүн өзбек өкмөтүн сотко берүүгө ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

ROZ Group компаниясы жана Максудинин үй-бүлөсү өзбек-америка биргелешкен The Coca-Cola Bottlers Uzbekistan LTD ишканасынын мамлекеттик үлүшүн чет өлкөлүк инвесторлорго сунуштаган өзбек өкмөтүн айыптады.

Бир туугандар Фарид жана Мансур Максудилер бул биргелешкен компаниянын 55 пайыз акциялары азыркыга чейин аларга таандык экенин билдиришүүдө.

Алар өзбек өкмөтүн жана компанияны сатып алууну чечкендерди америкалык жана эл аралык сотко беришерин айтышууда.

Өзбек-америка биргелешкен The Coca-Cola Bottlers Uzbekistan LTD компаниясы 1993-жылы өзбек тектүү америкалык бизнесмен Мансур Максуди тарабынан негизделген. Бул компания түптөлгөнгө чейин Мансур Максуди Өзбекстандын биринчи президентинин тун кызы Гулнара Каримовага үйлөнгөн.

7-майда Максудинин үй-бүлөсү тараткан билдирүүдө бул компания түздөн-түз 2 миң, кыйыр түрдө 20 миң кишини иш менен камсыздаганы айтылат. Бир тууган Максудилер Ташкенттеги мегазаводду курууга өз каражаттарынан 50 миллион доллар коротконун ырасташууда.

Билдирүүдө Гүлнара Каримова менен Мансур Максуди 2001-жылы ажырашкандан кийин Өзбекстанда аларга каршы кампания башталганы, Максудилердин завод-фабрикалары мыйзамсыз жол менен тартып алынганы белгиленген.

Фарид жана Мансур Максудилер өзбек өкмөтү The Coca-Cola Bottlers Uzbekistan LTD компаниясындагы акиялары үчүн акча төлөп берсе, каршы болбой турганын айтышууда.

Коррупцияга айыпталган Гүлнара Каримова азыр Ташкенттин алдындагы аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жатат. Гүлнаранын Мансур Максудиден Ислам жана Иман деген уул-кызы бар, алар Лондондо жашашат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: