Menu

АКШ ДССУдан чыга тургандыгы жөнүндө БУУга расмий кабар берди

Бөлүшүү:

АКШ Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан (ДССУ) чыга тургандыгы жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) расмий кабар берди.

Вашингтон 6-июлда БУУнун баш катчысы Антониу Гутерришке бул уюмдан бир жылдан кийин чыгарын билдирди.

Кошмо Штаттар – ДССУдагы ири донорлордун бири. Уюмдун бюджетинин 15% жакынын АКШ берет. Президент Дональд Трамп буга чейин ДССУну «Кытайдагы жаңы коронавирустун жайылышы тууралуу так маалыматтарга көңүл бурган эмес, өтө жай аракеттенген жана Бээжиндин кысымына алдырган»​ деп айыптап чыккан.

Пандемия дүйнөлүк экономиканын ылдыйлашына, жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келди. Бул көрүнүш ноябрда экинчи жолу кайра шайланууга умтулуп жаткан президент Трамптын саясий келечегине сокку урушу мүмкүн.

Трамптын Америкадагы эпидемияны ооздуктоого байланышкан аракеттерин анын саясий оппоненттери сындап жүрүшөт. Сындагандар Трамп өз күнөөсүн ДССУга оодарууну көздөп жатканын айтып жатышат.

АКШ – COVID-19дан катуу жабыркаган мамлекеттердин бири. Акыркы маалымат боюнча, өлкөдө коронавируска чалдыккан 3 097 084 учур катталды. Вирус 133 972 кишинин өмүрүн алды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: