Menu

Тоңгон муз копшоло баштады

Бөлүшүү:

Алты жыл мурда камактан айыккыс оорусу бар деп учак менен Грозныйга учуп кеткен Азиз Батукаевди бошоткон тийиштүү тармактын кызматкерлеринин жүрөгү азыр катуулап сого баштады. Анткени кайрадан кылмыш иши козголуп, ал тургай кээ бир доктурлар караңгы жерге киргизилип, тергөөчүлөргө тердеп-бурдап сурак берип жатышкан кези. Бул эми жөн жерден чыкпаса керек? Чамасы бирөөлөргө Батукаевдин иши козголушу керек болуп жаткандай шекилди. Ошондо милтенин башында кайсы үлкөн билерман турарына акылы бираз толуктар кызыгып турганы калп эмес.

Калыстык иретинде айтсак, бул жоруктун артында кыйла деген куу чирендер турат. Шамиль Атаханов, Турсунбек Акун, Зарылбек Рысалиев сыяктуу лөктөр бар. Анткени менен Азизди чыгарууда өтө кубаттуу кишилер турганы боюнча да каңшаарлар обого тараган. Демек, эбак өтүп кеткен бул иштин копшолушунда мандемдүү нерсе жатканын божомолдоого болот. А бирок, Батукаевдин бир тал көкүлүн да биздин күч түзүмдөрү түшүрө албасын айта кетели. Себеби, анын артында опол тоодой кишилер бар.

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: