Menu

Күмөндөр Абылов, куудул: “Мамлекетти эмес, чоңураак коллективди да башкара албайм”

Бөлүшүү:

– Күмөндөр мырза, украиналык кесиптешиңиз Владимир Зеленский президент болуп шайланды. Сиз деле талапкерлигиңизди коюп көрбөйсүзбү?

-Ха-ха-ха!..

– Мен олуттуу айтып жатам.

Зеленский Жамбыл менен Борончуну туурап койсо керек, кандидатурасын… Жамбыл мага чалып, «Рустам Маманов экөөбүздү койбойсуңарбы деп атат» дегенинен, мен болбой койгом. Анан Борончуну көндүргөн экен. Адегенде экөө тең мойнунан байлагансып, элге ооз учунан араң сүйлөп жүрүштү эле, кийин президент болушарына эл эмес, өздөрү да ишенип кетишти окшойт, бир топко чейин өздөрүнө келе албай жүрүштү. Менден көрө ошолорго айтсаң, араң эле турушат.

Эми олуттуу жагынан алганда, мени «маданият министри бол» дегенде да макул болгон эмес элем. Себеби, мен өзүмдү билем. Мен өзүмө өзүмдүн сын көз карашымда, мамлекет эмес, чоңураак коллективди да башкара албайм. Башкарса баары эле башкара алат, бирок кантип? Өнүктүрүп, өстүрүп, өркүндөтүп кете албаган соң, жаман атты болуп, «ичкич-жегич» аталуунун кимге кереги бар?

– Дегеле чыгармачыл адамдын саясатка аралашканы туурабы?

– Баягы «Жерден жарака кетсе, акындын журөгү аркылуу өтөт» демекчи, жашообуз жакшырып, телегейибиз тегиз болуп, элдин баары саясатчы болуп кетпеген күндө да, чыгармачыл адамдар саясаттан алыс болбошу керек да. Себеби, алар саясатчылардын оюн, ишин элге туура чагылдырып турбаса, эл да, саясатчылар өздөрү да кемчиликтерин байкоо кыйын болоор… Анан дагы, баардык кесиптегилер актёр боло алышпасын, ал эми актёрлор баардык кесипте иштей алышарын, баардык адамдардын мүнөзүн түшүнүп, ошол кейипкерди өзүндөй кылып аткара алышарын айткым кслет…

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: