– Урмат Абдилашимовна, азыр эмне менен алексиз?
– Азыр ден соолук, анан үй-бүлө, жеке иштерим менен алектенип жатам, каралбай калган экен акыркы жылдарда.
– Саясатка кайтып келүү пландарыңыз барбы?
-Буюрса. Биздин жашоо өзү саясат болуп калды го, убакыт көргөзөт.
– Депутаттыкка талапкерлигиңизди коёсузбу?
– Ошол мезгил келе берсинчи. Аман болсом. Кудайым баарыбызга аманчылык берсин!
– Юристтердин пикири боюнча сизге туура эмес берене (коррупция) боюнча негизсиз айып коюлган. Аны сот аркылуу кайра каратууга аракет кылып жатасызбы?
– Ошонун үстүндө иштеп атам. Мага Салянованын өч алуусу менен кылмыш иши ачылып, эч кандай далили жок отуруп чыктым. Өткөн бийликтин мага кылганы азыр өз баштарына муш болуп тийүүдө. Бул таба эмес, тобоо!
Аттокур Жумаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ