Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалгандан бери бош турган мэрлик кызматка эки саясий партия талапкерлерин чыгарды. Белгилүү болгондой, «Кыргызстан» саясий партиясы тарабынан 40 жаштагы Мирбек Шакиров талапкер катары арызын берсе, «Замандаш» партиясы 26 жаштагы шаар тургуну Марат Кудайбергеновду талапкер катары көрсөткөн. Балыкчынын мэрин шайлоо 14-майга коюлду.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ