Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев Бишкектеги Ош базарында жайгашкан “Кыял” улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесине жетекчи болуп дайындалды. КСДПны Атамбаевден тартып алуу иштерине активдүү аралашып жүрүп, устуканына «Кыялды» алды окшойт. Ар дайым интрига чыккан жерден кулагы көрүнчү эле, эми «Кыялдагы» интриганы кантип жөнгө салаар экен? Буга чейин “Кыялды” Султанбек Макашов жетектеп келген. “Кыялдын” айрым соодагерлери жана кол өнөрчүлөрү ишкананын жетекчилерин ириде коррупцияга байланыштуу айыптап чыгышкан.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ