Menu

Жонуп дагы, жулуп дагы жеп көнгөн, Жумалиев дегенде “бет” деген барбы?..

Бөлүшүү:

Жеп көнгөн адам тоюнбайт окшобойбу. Андайларды эл, мамлекет деген улуулуктар түшүнөн ойгото албайт. Алар ар-намыс, абийир, ариет дегенден жалаң гана акча деп атып куру жалак калгандар. Алар жылтырак табактардан, кымбат чөйчөктөрдөн арам жол аркылуу тапкан аш-көк, эт майын жалап-жуктаганына, шимирип-шыпкаганына курсант болуп жашашат. Алар үчүн акча анан көрдүйнө байлык. Мына ошол көрдүйнө акча үчүн алар баардыгына даяр жана баардыгын жасашат. Саясый сойкулуктан жийиркенишпейт. Жеке капчыктары үчүн эл кызыкчылыгы менен мамлекет баалуулуктарын сатуудан тартынышпайт.
Мындайлар биздин саясаттан баштап, аткаруу башкаруу бийликтери тургай Жогорку Кеңеште да жашап алышкан. Эсеби маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев деген «байбача» жаңы салынып жаткан түндүк-түштүк жолунун курулушу боюнча коррупциянын бар же жок экендигин иликтей турган депутаттык комиссиянын жетекчиси болгон эле. Биз ошондо эле: «Карышкырга кой кайтарып жаткан жокпузбу?» деген суроону кабыргасынан койгонбуз. Биз айткандай эле ал комиссия иликтемек түгүл, бир отурум кыла элек. Жол тармагын кантип жонуп жешти мыкты өздөштүргөн Жумалиев тилин тишине катып олгурганында кеп жатпайбы? «Ууруну карма деп ууру жүгүрүп жүрөт» деген этюд. Бир сөз менен айтканда бет деген жок экен да…

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: