Menu

Азамат Шаршенов, кинорежиссер: Үч күн катары менен кастингге келип бериңиздер?…

Бөлүшүү:

Азамат иним «Аят», «Аят-2», «Аят-3» кинотасмаларынын режиссер-коюучусу жана башкы каармандын ролун аткарган. Кыска метраждуу «Билерик», «Идеальная девушка» жана даректүү «Ысык-Көл бешбармагы», «Жырткычтын изи менен», «Жашоо керемет» тасмаларын тартып, кино сүйүүчүлөрдүн эсинде. Жыл жаңырары менен «Мурас» көркөм тасмасын тартууну баштаганы турат. Ага чейин декабрь айынын 1-2-3-күндөрү тасмага тартыла турган актёр-актрисаларды тандоо боюнча кастинг жарыялады. Биз ушу теманын тегерегинде сөз кылдык.

– Азамат, көптөн бери кино жаатында көрбөй калдык эле. Көрсө, жаңы идеяга сугарылып, жаңы тасма тартуу боюнча өз алдыңча эле эмес «Замандаштагы» Данияр Өмүрбеков экөөңөр кам көрүп аткан турбайсыңбы…

– Тээ башынан бери эле дээрлик мен тарткан кинолордун баардыгын тең «Замандаш» ассоциациясы колдоп келатат. Данияр Өмүрбековду кимдер билбейт, «Замандаштын» бир ыптасын, оор жүгүн тартып келаткан бычакка сап жигитеринин бири. Өзү «Аятка» тартылган. Мына ушу жигит экөөбүз бир кездерде «жакшы сценарийдин негизинде кино тартабыз» деп мелжеп койгонбуз. Ал убакта эч бир даярдыгыбыз жок болчу. Анан ушул күз айларынан бери кайрадан экөөбүз сүйлөшүп, жок жерден эле «кино тартпайлыбы? Триллер жанры бизде жокко эсе, ушу жаатка басым кылалы» деп сөздү бекиттик. Мен деле «китептин негизинде, чыныгы болгон окуяны өзөк кылып тартсам» деп кыялданып жүргөм. Толук идеямды кинонун продюсери, колдоочусу катары Даниярга айтсам, жактырды.

Анан эле шымалана кирише баштадык. Азыр сценарийдин үстүнөн иштеп атабыз, тиешелүү техникалык жабдыктар даярдалып атат, команда топтолду.

– Бюджети болжолдуу түрдө аныкталдыбы?

– Кино бүткөндөн кийин гаңа «баш-аягы мынча кетти» деп айта алам. Данияр экөөбүз сүйлөшкөн боюнча биз по факту канча кетсе ошончо сарптайбыз, бирок, «кино сапаттуу чыгыш керек» деген келишим менен иштөөгө макулдаштык. «Өтө чоң» деп айтпайм, «абдан жакшы бюджетте тартылат» деп ишенимдүү айта алам. Баардык талаптарга жооп берген, бир жагы фестивалдарга катыша турган, бир жагы кинопрокатта элдин сүймөнчүгүнө ээ боло турган тасма болуш керек. Ошон үчүн баарын кылдаттык менен кылып атабыз. Сценарийин атайын адистерге жаздырып, драматургдарга каратып дегендей.

– Тасма кайсы чыгарманын негизинде жана эмнени баяндайт?

– Тасманын атын «Мурас» деп атап, Асанбек Кулманбетовдун «Киши жегич кемпир» аттуу повестинин негизинде, анан өзүбүз да кошумчалап, азыркы замандын талабына ылайык кылып, абдан кызыктуу кино тартуу алдында турабыз. А жерде эне-баланын ортосундагы мамиле чагылдырылып, күтүүсүз окуялар болоруна жүз пайыз ишенем.

– Кастинг тууралуу да кошумчалай кетпесең болбойт го?

– «Баары жакшы, кызыктуу болот» деп атабыз. Анан айтканга жараша ылайыгы келген мыкты актёр-актрисаларды табуу максатында кастинг жарыяладык. Кастингди 1-2-3-декбарда үч күн катары кылып, «18 жаштан 50 жашка чейин» деп расмий белгиледик. Бирок алтымыштагы алдуу-күчтүү, 16 жаштагы ай чырайлуу, киного шыктуулар да келе берсе болот. Ар дайым биздин эшик ачык. Үч күн ичинде келгендердин арасынан тандагандарыбызды видеопробага чакырабыз. Андан да өтүп кеткендерди бекитип, аки-чүкүсүн сүйлөшүп, бышыктап, 2019-жылдын январь айынын алгачкы күнүнөн баштап кино тарта баштайбыз.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: