Menu

Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын Эл артисти: “Калп сүйлөө, куйтулануу, алдоо, эки жүздүүлүк канымда жок”

Бөлүшүү:

Кыргыз эстрадасынын легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчусү, КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова менен маек.

– Эже, “Кыз-Бурак” тобуна кезинде кирүү абдан кол жеткис кыял болчу. Топтун ар бир кызы өзүнчө жылдыз болушчу. Азыр андай болбой калды го, себеби?

– “Кыз-Бурак” тобунун жаралган убагы союз мезгили таркап, өлкөбүз эгемендүүлүктү алган кезге туура келет. Андан бери не деген гана өзгөрүүлөр болгон жок. Экономикалык, социалдык өзгөрүүлөр ар бир адамдын психологиясына оң жана терс таасирин тийгизди. Мурдагы кыздар эмгек, жеңиш деген патриоттук сезимде жашап, иштеген болсо, азыркы кыздар акча, байлык, тез таанылуу деген коомдун деми менен жашап жатат. Акыркы 10 жылда 8 кыз Түркияга, Россия, Италияга иштегени кетти. “Кыз-Бурактын” кыздары эле эмес, көптөгөн искусство чеберлери өз кесибин өзгөртүп, жакшы маяна издеп башка өлкөлөрдө иштеп жүрүшкөнүн бардыгыбыз билебиз. Менин мамлекеттик кызматта иштеп калганым да кайсы бир деңгээлде “Кыз-Буракка” зыянын тийгизди. Жогорудагы объективдүү, субъективдүү себептерден улам жарк этип жана албай турабыз. Кыздардын бат-баттан алмашуусу да көп кедергисин тийгизүүдө. Быйылкы жылда эле топтогу акыркы курамдын кыздарынын бирөөсү турмуштун айынан апасы менен Түркияга иштегени кетсе, экинчиси 9-класстын кызы болгондуктан сабагына жетишпей, мугалимдердин каршылыгынан улам топтон кетүүгө аргасыз болду. Топтон кеткен жана ырдап жүргөндөрдү кошкондо саныбыз 330 кызга жетти. Менден кеткен кыздарымды тартиптүү, таалимдүү, сабырдуу, эстүү кылып тарбиялаганга бүт өмүрүмдү короттум. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” дегендей, “Кыз-Бурактан” кеткендердин кээ бирөөлөрү чырдашып, кээ бири айтышып жаткан учурлар кездешүүдө. Кандай болгондо да таяктын эки учу мага тие берет экен. Баарын көтөрүүгө туура келет. Кандай кырдаал болбосун улууларды, коомчулукту уккан адам жеңет. Укпаганы эртең эле дал ошондой соккуну башкадан алат. Жашоо бул бумеранг! Ар бир кылык-жоругуң кайтып келет. Мага жана топтун аброюна шек келтиргендерге теңелбейин деп сабырдуу болгонго, ортого түшүп жараштырганга аракеттенем.

– Уулуңуз да ырдап калат эмеспи, жигиттерден турган топ ачуу жөнүндө ойлогон жок белеңиз?

– Уулум Эркин 11-классты аяктап жатат. Окуусу жакшы. Чет тилдерди үйрөнүүгө кызыгат. Англис, француз, түрк, испан тилдеринде сүйлөйт. Ырчылык азырынча хоббиси. Сайкалдын концертинде ырдаган. Жеке ырчы кылуу оюмда жок, бирок жакшы ырдайт. Музыкалык мектепте аккордеон классын аяктады. Калганын эми Кудай көрсөтөт. Окууну бүтсө “Эл аралык мамилелер” факультетине тапшырууну максат кылып турат.

– Мырза мүнөз деп калышат сизди, балдарыңызды да темирдей бекем кармасаңыз керек?

– Ооба, мүнөзүмдө катуулук бар. Калп сүйлөө, куйтулануу, алдоо, эки жүздүүлүк канымда жок. Бетке айтып, түз сүйлөйм. Балдарымды да өзүмдөй түз, ачык, сөзгө бекем кылып тарбиялаганга аракеттенем. Балдарды чынында катуу кармайм. Жаштайынан туура эмес жолго түшүп кетпесин деп жакшы карайм.

– Кызыңыз Сайкалдын жеке жашоосу тууралуу алар өздөрү интервью бергенден бери комментарий бере элексиз же бул темага чекит койгонсузбу?

– Сайкалдын жеке жашоосу Кудайга шүгүр. Максат экөөнүн ажырашуусу эки баланын чечими болду. Эки бала тең өздөрүнүн бактыларын табышына тилектешмин. Ажырашуунун себебин элге жарыялоонун кереги деле жок. Кудай буюрса, экөө тең бактылуу болушат. Максат жакшы жигит, ал азыр деле мага “апа” деп кайрылат. Экөөбүз баягыдай эле урмат-сыйыбыз менен калдык. Сайкал азыр чыгармачылыкка терең киришип, өзүнүн дагы, “Кыз-Бурактын” дагы ырларын жазып, клиптерди тартуу менен алек. Турмушка чыгуу жөнүндө кыйытсам, “Апа, учуру келет, мен сизге өзүм айтам” -деп коюп жүрөт.

Маектешкен: Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: