Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +24… +29,
Таласта түнкүсүн: +4…+9, күндүз: +23…+28,
Баткенде түнкүсүн: +12… +17, күндүз: +28…+33,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +12…+17, күндүз: +28…+33,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +3…+8, күндүз: +20… +25,
Нарында түнкүсүн: +1…+6, күндүз: +21…+26,
Бишкекте түнкүсүн +12…+14, күндүз: +27…+29.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ