Menu

Камактагы Азиз Батукаевди качырууга ким күнөөлүү?

Бөлүшүү:

Бактыбек Калмаматов, экс-депутат: “Бул иш боюнча бери деген 15-20 адам камалышы керек”

—Баарыбыз күнөөлүүбүз. Ошол учурдагы бийлик күнөөлүү. Ал эми бийликтин жалгыз ээси эл болгондуктан ар бирибиздин жоопкерчилигибиз бирдей болуш керек. Бийлик кандай гана кадамдарга барбасын анын жоопкерчилигин эл тартат.

Демократия бул эркиндик гана эмес, жарандык жоопкерчилик дагы. Хан көтөрөөрдө жоопкерчиликтүү мамиле жасашыбыз керек. Ошол жылы Азиз Батукаевдин боштондугу боюнча Жогорку Кеңеште комиссия түзүлүп, 7 пункттан турган чечим кабыл алган. Аны Жогорку Кеңеш бекиткен. Ушул күнгө чейин ал токтомдун дайыны жок. Бул иш боюнча болооду дегенде 15-20га жакын адамды камоого туура келет.

Зарылбек Рысалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Жакында бардык чындык чыгат”

—Шашпай тургула, жакын арада толугу менен ким күнөөлүү экендигин аныктаган фактыларды көрөсүңөр. «Рысалиев кызыл килем салып узатты» деп мени күнөөлөп бүтө албай жатасыңарбы? Ким узатканын эми көрөсүңөр. Аэропорттун күтүү залында видео көзөмөлдөрдү алып чыгып караса эле ким узатканы белгилүү болуп калат. Тергөө иштери жүрүп, мунун баары аягына чыгыш керек. Кармалгандар баарын ачык айтып берет деген ойдомун. Ошол убактагы жетекчиликте тургандар эми баарын жашырбай ачыктайт го. Бир гана адам баарына буйрук берип турган. Ал ким экенин бешиктеги бала дагы билет.

Мирлан Жээнчороев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Батукаевди качырууга таасирдүү адамдар аралашканын танууга болбойт”

—Батукаевдин кантип, эмне кылып качканы, кимдерди ортого салганы боюнча коомчулук баарын толук билиши керек. Себеби ошол убакта ар кандай сөздөр айтылып, ызы-чуу болуп барып басылып калган. Албетте бул саясый буйрук болгонун, ортого таасирдүү адамдар аралашканын танууга болбойт. Анткени атайын учакка эки күн мурун буйрутма берилген. Доктурлар «рак» деп диагноз коюп беришкенин мурдагы акыйкатчы өзү айтып жатты. Демек дагы тергөө таза жүрсө, көп кишинин бети ачылат. Ал эми кармалып кеткен дарыгерлер жөнүндө эч нерсе дей албайм. Ошол убакта аларды мажбурлашкандыр. Эми баарын убакыт көргөзөт, күбө болобуз.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: