Бүгүнтөн тартып, коменданттык сааты бузган жарандарга 3 миң сомдон айып пул салынат. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ош шаарынын Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.
Анын айтымы боюнча, сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган 10 адамга айып пул салынган.
“Коменданттык саат убагында жана өзгөчө абал киргизилген жерлерде мыйзам бузгандарга 10 күн бою жөн гана эскертүүлөр берилип келген. 3-апрелде чыккан жаңы мыйзамдын негизинде коменданттык саатты бузган жарандарга 3 миң сомдон айып пул салынат. Мас абалында унаа башкарган айдоочуларга 20 миң айып салынат. 20 миңдин ичинен – 3 миң сому коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн, ал эми 17 миң сом мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн салынат” – деп билдирди комендант.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ