Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Фарид Ниязовго карата чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Кундуз Жолдубаева социалдык тармактардагы баракчасында жарыялады.
Маалыматка ылайык, ал 10-декабрга чейин СИЗО-1 абагында отурат.
Белгилей кетсек, 12-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Фарид Ниязовду жана Канат Сагымбаевди 5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык баш аламандыктарды уюштурууга катышкан деген шек менен 2 айга, 10-декабрга чейин Бишкек СИЗО-1 абагына камакка алган. Аларды укук коргоо органдары 10-октябрь күнү кармашып, 48 саатка абакка киргизишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ