Menu

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевге ыңгайсыз суроо: Көнгөн адат калбайбы?..

Бөлүшүү:

– Эмил Токтакунович, сиз эки кызыңызга бут кийимиңизди кийгизип, боосун байлатып жаткан сүрөтүңүздү соцтармакка жүктөп коомчулуктун сынына кабылдыңыз. Сизди көпчүлүк: “Кыз баланы кыргыз бапестеп багып, үлпүлдөтүп караган. Эч качан бут кийимин кийгиздирип, кор тутуп манчыркаган эмес” – деп катуу сындашты. Сиз болсо: “Кыздарым мени жумушка узатып, кайра тосуп алышат. Бут кийимимдин боосун байлап беришет. Эгиз кыздарым мени жакшы көрүшөт. Сындагандар сындай беришсин” – деп кенеген жоксуз. Ырас, балким сиз кыздарыңыздын сизди жакшы көрөөрүн ушундай жол менен билдиргиңиз келгендир. Бирок мындай жоругуңуз чекилик болгонун моюнуңузга аласызбы? Анткени бул иш алты саны аман, дени-карды соо, он эки мүчөсү түгөл адам жасай турган ишке жатпайт да туурабы? Анын үстүнө кыздарыңызга бут кийимиңизди кийгизип андан ырахат алып карап турганыңыз, сырттан караган кишиге одоно көрүнөөрүн дарегиңизге айтылган ачуу сындардан кийин туйдуңузбу? Эми мындан кийин мындай майда жосунсуз ишке барбай турган болдуңузбу? Же көнгөн адат калбайбы?..

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: